На русском языке

2020/2021 – окуу жылына кабыл алуу комиссиясы дистанттык кабыл алуу иштерин баштады.

Колледждин кабыл алуу комиссиясына документтерди тапшыруу үчүн төмөнкүлөрдү даярдоо керек: 

  • Арыз – төмөн жакта арыздын үлгүсү жана бланкты жүктөп алуу үчүн коюлду. Аны смартфон жана жеке компьютор (ЖК де) офистик тиркемелер аркылуу толтурууга болот.
  • Билими тууралуу документтин сүрөтү (9-классты бүтүргөндөр: билими тууралуу күбөлүк, 11-классты бүтүргөндөр: аттестат) 
  • Паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн сүрөтү (паспорт эки жагынан, же күбөлүк эки барагы)
  • Толтурулган арыз

Арызды толтуруу үлгүсү

Арызда өзүңүз жөнүндө маалыматты, документтердин номерлерин жана тапшыра турган адистикти көрсөтүү керек.

Адистиктин аталышы коду менен чогуу жазылышы тийиш.

Арызды толтуруу үчүн телефон же компьютерде Microsoft Office  редакторун колдонсоңуз болот.

Android үчүн Microsoft Word—  бул жерди басыңыз

iOS үчүн Microsoft Ofiice — бул жерди басыңыз

Арызды файл катары жүктөп, аны офистик программада толтуруп, «Аты — жөнүңүздү» жазып сактап коюңуз»

Адистиктердин коддору жана аталышы:

190604 «Автомобилдик унааны техникалык тейлөө жана оңдоо»

190503 «Унаанын электржабдуусун жана автоматикасын пайдалануу (автомобилдик)»

190605 «Көтөрүүчү-унаалык, курулуш жол машиналарын жана жабдууларын техникалык экплуатациялоо»

230110 «Компьютердик тармактарды жана эсептөөчү техниканын каражаттарын техникалык тейлөө»

190701 «Унаада (автомобилдик) ташууларды уюштуруу жана башкаруу»

270206 «Автомобиль жолдорун жана аэродромдорду куруу жана пайдалануу»

080110 «Экономика, бухгалтердик эсеп (тармактар боюнча)»

Документтерди кабыл алуу комиссиясынын WhatsAppтиркемесиндеги номерге жиберүү

Документтердин бардыгы даяр болгондон кийин, төмөнкү WhatsApp номерлерге жиберишиңиз керек.

+996 703 633 131 — басыңыз, чат ачылат 

+996 703 608 494 — басыңыз, чат ачылат 

Биринчи билдирүүдө  аты-жөнүңүздү жана телефон номериңизди көрсөтүңүз.

Экинчи билдирүүдө аттестаттын жана паспорттун (туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн) сүрөтүн, андан тышкары docx (doc) форматында толтурулган арызды жибериңиз

Мындан кийин, Сиз телефон аркылуу кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы менен аңгемелешүүгө чакырыласыз. Эгерде, жооптуу катчы тарабынан сизди колледжге кабыл алууга татыктуу деп эсептелсе, колледждин кассасына контракттын эсебинен эң аз дегенде 3000 с. (үч миң сом) төлөшүңүз керек. Контракттын эсебинен төлөмдөн кийин, кабыл алуу комиссиясы, сиздин колледжге кабыл алынгандыгыңыз жөнүндө буйрук чыгарат.

Аттестатты же билими тууралуу күбөлүктү алгандан кийин, алардын сүрөттөрүн Whats App  аркылуу жибересиз.

2020-жылдын 1-сентябрында колледжге окууга келгениңизде, жогоруда көрсөтүлгөн бардык документтердин түп нускаларын жана көчүрмөлөрүн алып келесиз.