Новости
1 мин чтения
Бишкек автомобиль-жол колледжинин педагогикалык курамына кыргыз тилинде жана камсыз кылуу максатында жат жазуу иши жаздырылды
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө ” Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына кара жарыяланган үч айлыкка карата К.Көлбаев атындагы Бишкек автомобиль-жол колледжинин педагогикалык курамына кыргыз тилинде сабаттуу, туура жазууларына багыт беруу жана камсыз кылуу максатында жат жазуу иши жаздырылды.
Ар бир окутуучунун иши кыргыз тил сабагынын окутуучулары тарабынан текшерилгенден кийин, жат жазуу иши көрсөтүлүп, ката кетирилген жерлерге жазуу эрежелеринин негизинде түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бүгүнкү күндө мамлекеттик тилдин кадыр-баркын жогорулатууда мамлекеттик тилде сабаттуу жаза билүү учурдун талабы болуп калууга тийиш.