Новости 1 мин чтения

Биздин окуу жайдын студенттери “”Ак ниет” турмуштун оор кырдаалында турган балдар үчүн борборуна барып, кайрымдуулук жардам көрсөтүп келишти

Биздин окуу жайдын студенттери “”Ак ниет” турмуштун оор кырдаалында турган балдар үчүн борборуна барып, кайрымдуулук жардам көрсөтүп, борбордун  аймагын тазалап, кышкы сезонго даярдык иретинде отун-суу камдоого көмөк көрсөтүп келишти.  
Бул иш-чаранын максаты-турмуштун оор кырдаалында турган балдардын муктаждыгын аз болсо камсыз кылуу менен катар,  келечек муундарды боорукерликке, кайрымдуу болууга, жардам колун суна билүүгө  үндөө, тарбиялоо болду. 
“Берген кол-алган колдон жогору” демекчи,  ал жактан биздин балдар чын ниеттери менен жардам беришип, борбордун кызматкерлеринен алкыш, бата алышты.
Мындай иш-чаралар биздин окуу жай үчүн салт катары улана бермекчи. 

Поделиться

Фотогалерея

6 фото

Читайте также

Новости