Мындан туура 32 жыл мурун, тактап айтканда, 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамын кабыл алып, андан соң кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамын берген. Бул мыйзам 2004-жылы Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан жаңыланып, анда кыргыз тили мамлекеттик тил, ал эми орус тили расмий тил деп жарыяланган.
Кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамынын берилиши-адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө, ошону менен бирге коомдун руханий жаңылануусуна, жаңыча ой жүгүртүүсүнө, эне тилдин кадырын көтөрүүгө ташталган зор кадам болгон.
Мына, ошол күндөн бери, 23-сентябрь-кыргыз тил майрамы катары белгиленип келет. Бул күнү билим берүү мекемелеринде кыргыз тили боюнча ар кандай сынактар уюштурулуп, концерттик программалар менен коштолот. Ушул майрамды утурлай, мамлекеттик деңгээлде атайын иш-чаралар өткөрүлүп, кыргыз тилин өнүктүрүү, үйрөтүү маселелеринин тегерегинде талкуулар болуп турат. Бул майрам күнү К. Көлбаев атындагы автомобиль-жол колледжинде дагы салтанаттуу маанайда башталды. Сабактар башталар алдында фойэде тил мыйзамынын 32 жылдыгы тууралуу кыскача маалымат, тил жөнүндө накыл сөздөр, ырлар жазылган бурч уюштурулуп, КР мамлекеттик гимни жана мамлекеттик тил гимни ойнотулду, БИМ министрлигинин №1563/1 буйругунун алкагында бир айлык иш-чаралардын планы түзүлдү.
Урматтуу кесиптештер, студенттер жана жалпы кыргыз элибиз! Сиздерди майрамыңыздар менен куттуктайбыз!
“Тил – улуттун кубанса кубанычы, кайгырса кайгысы жана акыл-эси. Тилсиз улут болбойт” – деп Чыңгыз Айтматов айтып кеткендей, биз ата-бабаларыбыздан калган эки куттуу, ыйык мурастарыбызды: бири – Ата мекенибиз Кыргызстан, экинчиси – эне тилибизди ыйык сактап, барктай билели!
Майрамыбыз кут болсун!!!

