17-ноябрь эл аралык студенттер күнүнө карата К.Колбаев атындагы Бишкек автомобиль-жол колледжинде биринчи курстун студенттерин студентердин катарына кабыл алуу майрамдык салтанаты болуп өттү
Добавлено: 20 ноября 2024 г.
Студент-бул келечектин туткасын бекемдөөчү, жашоону жаркын элестерге, таттуу көз ирмемдерге байытуучу келечектин мотору!
17-ноябрь-Эл аралык студенттер күнүнө карата К.Көлбаев атындагы Бишкек автомобиль-жол колледжинде биринчи курстун студенттерин студенттердин катарына кабыл алуу майрамдык салтанаты болуп өттү. Майрамдык салтанатка колледждин студенттери, окутуучулар жамааты катышты. Колледждин директору Долотов Майрамбек Маматжанович студенттерди куттуктоо менен, окууларына ийгилик, кесипкөй, мекенчил мыкты адис болуп чыгууларына тилектештигин билдирди.
Салтанаттын жүрүшүндө окууда эң жакшы жетишкен, жүрүм-туруму үлгүлүү, коомдук иштерге активдүү катышкан студенттер колледждин Ардак грамотасы менен сыйланышты. Салтанатыбыз студенттик кеңеш тарабынан даярдалган концерт, кызыктуу тамашалар, оюн-зооктор менен коштолду. Биринчи курстун студенттери ант берүү аземинде жакшы окуу, тартиптүү, мекенчил болуу, окуу жайдын талаптарын аткаруу үчүн ант беришти жана аларга зачеттук китепче, билимдин ачкычы тапшырылды.
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, легендарлуу “Биз” тобунун жетекчиси Бахтияр Токторов салтанаттуу кечебизге келип, студенттерибизди куттуктоо менен катар, белгилүү ырларын тартуулаганы студенттерибиз үчүн күтүүсүз белек болду.
Студенттерибиздин колледждеги келечекке карай билим жолу байсалдуу болуп, алдыга койгон максаттары ишке ашып, мамлекетибиздин жаркын келечегине салым кошкон инсандардын катарында болууларына тилектешпиз.