2024-жылдын 26-ноябрынан 30-ноябрына чейин Санкт-Петербург шаарында болуп өткөн «Профессионалдар» чемпионатынын финалына биздин студенттерибиз да катышып, байгелүү орундарга ээ болушту.
Добавлено: 25 ноября 2024 г.
2024-жылдын 26-ноябрынан 30-ноябрына чейин Санкт-Петербург шаарында «Профессионалдар» чемпионатынын финалы болуп өттү.
Биздин окуу жайдын студенттери да бул беделдүү чемпионаттын финалына катышып,
алдыңкы орундарды багындырып келишкени биздин окуу жай үчүн чоң сыймык болду.
“Унаанын электржабыктарын жана автоматикасын эксплуатациалоо” адистиги боюнча билим алып жаткан студенттерибиз:
🎓 Дамиров Байэл Алтынбекович “Жеңил автомобилдерди оңдоо жана тейлөө” компетенциясы боюнча үчүнчү орунду ээледи, устат-эксперт катары Канатбек уулу Калыгул коштоп барды.
🎓 Иличбек уулу Бекмырза “Автомобилдерди сырдоо” компетенциясы боюнча экинчи орунду ээледи, аны устат-эксперт катары Рустам Алтынбекович Туратов коштоп барды.
💻 «Компьютердик системаларда программалоо» адистигинде окуп жаткан Абдалбеков Назар Даниярович “Графикалык дизайн” компетенциясы боюнча үчүнчү орунду багындырды, аны устат-эксперт катары колледждин окутуучусу Шабиева Айзада Эмилбековна коштоп барды.
👏 Биз командабыздын ийгилиги менен сыймыктанабыз жана алдыда жаңы жеңиштерди каалайбыз!