2025-жылдын 10-январында Султан Ибраимов атындагы Агротехникалык колледждин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринен турган топ тажрыйба алмашуу максатында биздин окуу жайга келишти.
Добавлено: 10 января 2025 г.
2025-жылдын 10-январында Султан Ибраимов атындагы Агротехникалык колледждин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринен турган топ тажрыйба алмашуу максатында биздин окуу жайга келишти.
Иш-чаранын максаты- колледждин билим берүү процессинде колдонулган инновациялык ыкмалар боюнча тажрыйба алмашуу, окуу жайдын ишмердиги менен таанышуу, студенттер менен иш алып баруу тажрыйбаларын талкуулоо, ошондой эле өз ара кызматташтыкты чыңдоо болду.
Иш-чаранын жүрүшүндө колледждин материалдык-техникалык базасын, анын ичинде заманбап жабдыктар менен жабдылган кабинеттерди, практикалык иштер үчүн жабдууларды көрүшүп, алардын пайдаланылышы боюнча пикир алмашышты.
Андан кийин жыйындар өтүүчү залда чай үстүндө тажрыйба алмашуу жана иштин натыйжалуулугун арттыруу максатында пикир алышуу болду.
Бул жолугушуу окуу жайлардын билим берүү сапатын жогорулатууга жана жакын арада кызматташтык демилгелерин жүзөгө ашырууга өзгөчө мааниге ээ болду.