Новости
23-сентябрда К.Көлбаев ат. БАЖКда Мамлекеттик тилдин 35 жылдыгынын үч айлыгына карата түзүлгөн иш мерчемдин алкагында кыргыз тили, улуттук нарк жөнүндө тайпалар арасында дубал гезиттер чыгарылды
Добавлено: 23 сентября 2024 г.
К.Көлбаев атындагы Бишкек автомобиль-жол колледжинде “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгынын үч айлыгына карата түзүлгөн иш-чаралардын планынын алкагында Мамлекеттик тил катары кыргыз тилин даңазалоо максатында кыргыз тили, улуттук нарк жөнүндө тайпалар арасында дубал гезиттер чыгарылып, кыргыз тили тууралуу макал-лакаптар, накыл кептер, улуттук тил жөнүндө белгилүү адамдардын айткандары көрүнүктүү жерлерге жайгаштырылды.
Мамлекеттик тилибиздин 35 жылдыгы бардыгыбыз үчүн куттуу болсун! Кыргыз тилибиз мамлекеттик тил катары дайыма өнүгүү, өсүү жолунда болсун!