![image](/media/news/25-dekabrda-kkolbaev-atyndagy-bishk/25-dekabrda-kkolbaev-atyndagy-bishk.webp)
25-декабрда К.Көлбаев атындагы Бишкек автомобиль-жол колледжинде Жаңы 2025- жылды утурлай майрамдык иш-чара болуп өттү
Добавлено: 25 декабря 2024 г.
✨🎄 25-декабрда К.Көлбаев атындагы Бишкек автомобиль-жол колледжинде
Жаңы 2025- жылды утурлай майрамдык иш-чара болуп өттү.🎄✨
Майрамдык иш-чарага окуу жайыбыздын окутуучулар жамааты жана студенттери катышты. Алгач иш-чарабызды колледждин директору Майрамбек Маматжанович Долотов ачып , жалпы жамаатыбызды жана студенттерибизди жаңы жылы менен куттуктап, келе жаткан жыл жакшылыктын, ден соолуктун, жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн, ийгиликтердин жылы болушун каалап өттү.
Иш-чарабыз окуу жайыбыздын окутуучулары Алмабекова Аида Сагындыковна жана Усенова Аделя Усеновна жетекчилик кылган тайпалардын студенттеринин күчү менен даярдалган концерттик программа менен улантылды. Концерттин жүрүшүндө жагымдуу ырлар ырдалып, бий бийленип, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартууланды. Кечеде кызыктуу оюн-зооктор ойнотулуп, жаңы жылга байланыштуу логикалык суроолор берилип, жагымдуу белектер менен сыйланышты.
1-курстун ар бир тайпасына жаңы жылдык карнавалдык костюм даярдап келүү тапшырмасы берилген. Студенттер даярдап келген карнавалдык костюмдарын көрүүчүлөрдүн алдына кийип чыгышып, сынына коюшту. Көрүүчүлөр тарабынан мыкты карнавалдык костюмдарга орундар ыйгарылып, белектер тапшырылды.
🌟 Келе жаткан Жаңы жыл – жаңы мүмкүнчүлүктөр, кубанычтуу учурлар жана жакшылыктар менен коштолгон жыл болсун. Биздин бардык үмүттөрүбүз жана тилектерибиз орундалсын! Келе жаткан жылда окуу жайыбызды ийгиликтер коштоп, өнүгүү жолунда бололу!🎉