![image](/media/news/bizdin-okuu-zhajdyn-studentteri-ak-/bizdin-okuu-zhajdyn-studentteri-ak-.webp)
Новости
Биздин окуу жайдын студенттери “”Ак ниет” турмуштун оор кырдаалында турган балдар үчүн борборуна барып, кайрымдуулук жардам көрсөтүп келишти
Добавлено: 20 ноября 2024 г.
Биздин окуу жайдын студенттери “”Ак ниет” турмуштун оор кырдаалында турган балдар үчүн борборуна барып, кайрымдуулук жардам көрсөтүп, борбордун аймагын тазалап, кышкы сезонго даярдык иретинде отун-суу камдоого көмөк көрсөтүп келишти.
Бул иш-чаранын максаты-турмуштун оор кырдаалында турган балдардын муктаждыгын аз болсо камсыз кылуу менен катар, келечек муундарды боорукерликке, кайрымдуу болууга, жардам колун суна билүүгө үндөө, тарбиялоо болду.
“Берген кол-алган колдон жогору” демекчи, ал жактан биздин балдар чын ниеттери менен жардам беришип, борбордун кызматкерлеринен алкыш, бата алышты.
Мындай иш-чаралар биздин окуу жай үчүн салт катары улана бермекчи.