image
Новости

К.Көлбаев атындагы Бишкек автомобиль-жол колледжинин залында октябрдын акыркы жекшембисинде белгиленүүчү автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамы салтанаттуу белгиленди

Добавлено: 1 ноября 2024 г.

1-ноябрда К.Көлбаев атындагы Бишкек автомобиль-жол колледжинин залында октябрдын акыркы жекшембисинде белгиленүүчү автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамы салтанаттуу белгиленди. 
Бул майрам-айдоочулардын жана жол чарба кызматкерлеринин гана эмес, оңдоочулардын, инженердик-техникалык кызматкерлердин, автотранспорт ишканаларынын жетекчилеринин жана ошол адистикке үйрөтүп,  окутуп жаткандардын, ошону менен бирге окуп жаткандардын да кесиптик майрамы. Бул адамдардын кесибине берилгендик жана алардын жумуш үчүн жоопкерчилик сезими болбосо, айылдын, шаардын  жана анын тургундарынын күнүмдүк жашоосу жүрбөй калмак. 
Бул иш-чарага социалдык өнөктөш катары кесипкөй адистерди даярдоодо биздин окуу жай менен тыгыз кызматташып келе жаткан  Бишкек троллейбус башкармалыгынын өндүрүш техника бөлүмүнүн башчысы Ибраев Кубат Шаршекеевич, “Шоро” жабык акционердик коомунун транспорттук кампа логистикасынын башчысы Дүйшенбиев Жыргалбек Аскербекович, Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуу ишканасынын жүгүртмөлөр боюнча инженери Сейитказиева Мадина Сланбековна, “UBS Tranzit” жабык акционердик коомунун башкаруу кеңешинин төрагасы Маткерим уулу Талантбек, Кыргыз Республикасынын иш башкармалыгына караштуу Автотранспорттук ишканасы мамлекеттик ишканасынын оңдоо кызматынын башчысы Эмильбек уулу Улан чакырылды.
Салтанаттуу иш-чарабызды К.Көлбаев ат.Бишкек автомобиль-жол колледжинин директору Долотов Майрамбек Маматжанович куттуктоо сөзүн айтуу менен, социалдык өнөктөштөргө колледждин директору тарабынан Автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлеринин күнүнө карата жол-транспорт тармагынын  өнүгүшүнө кошкон салымы жана  К.Көлбаев атындагы Бишкек автомобиль-жол колледжи менен социалдык өнөктөш катары тыгыз кызматташып келе жаткандыгы  үчүн Ардак грамоталар тапшырылды.
Ошону менен бирге көп жылдардан бери эмгектенип келе жаткан айрым окутуучуларыбызга дага Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “”
Автомобиль жана жол чарбасы боюнча баяндамалар окулуп, иш-чара концерттик программа менен уланды.