Колледжибиздин студенттери Т.Абдымомунов атындагы кыргыз драм театрына коюлуп жаткан спектаклдерине барып келишти
Добавлено: 26 ноября 2024 г.
Кыргызстанда эле эмес дүйнөдө да театр, китепкана, музейге барган жаштардын саны азайып баратканы көйгөй боюнча калууда.
Жаштардын маданиятын өнүктүрүүдө маданий агартуу мекемелердин, анын ичинде театрдын да ролу талашсыз.
Театр- жаш муундарга өтө керек болгон адеп-ахлактын, этиканын, эстетикалык табиттин, жалпылап айтканда, руханий байлыктардын жемишин өстүргөн берекелүү топурак.
К.Көлбаев атындагы Бишкек автомобиль-жол колледжинин студенттери Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына коюлуп жаткан М.Каримдин “Ай тутулган түндө”, Т.Абдымомуновдун “Абийир кечирбейт” спектаклдерине барып келишти. Спектаклден студенттер өтө мыкты таасир алып келишти.
Спектаклдер биздин студенттердин ички жана сырткы маданиятын калыптандырууга, өнүктүрүүгө чоң өбөлгө болору талашсыз.