Концерттик программада кыргыз тилин даңазалаган ырлар ырдалып, улуттук дөөлөтүбүз, кыргыз элинин улуу мурасы болгон “Манас” эпосунан үзүндү айтылды.
Добавлено: 6 декабря 2024 г.
Билим берүү жана илим министрлигинин “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата мамлекеттик тилдин үч айлыгын жарыялоо максатында чыккан буйрукка ылайык мамлекеттик тилибиздин өсүп-өнүгүшү үчүн билим берүү тармактарында да көптөгөн иштер жасалып, иш-чаралар уюштурулууда. Алардын катарында К.Көлбаев атындагы Бишкек автомобиль-жол колледжинде дагы үч айлыктын алкагында атайын иш мерчем түзүлүп, ага ылайык бир катар иштер жасалды.
2024-жылдын 6-декабрында “Мамлекеттик тил-улуттук дөөлөт” аталышындагы жыйынтыктоочу салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чарага кесиптик орто окуу жайларынын кыргыз тили сабагынын окутуучулары, мамлекеттик тил боюнча директордун орун басарлары жана КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук тил комиссиясынын башкы адиси З.Т.Кадырова, КР Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун жетектөөчү адиси Г.Ү.Ибраимова чакырылды.
Иш-чараны К.Көлбаев атындагы Бишкек автомобиль-жол колледжинин директору М.М.Долотов ачып берүү менен катар, куттуктоо сөзүн айтты. Иш-чарада Г.Ү.Ибраимова билим берүү мекемелериндеги кыргыз тилди окутуунун бүгүнкү күндөгү актуалдуу маселелерине токтолду.
З.Т.Кадырова Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссияда мамлекеттик тилди өнүктүрүү жаатында жүргүзүлүп жаткан иштерди айтып өттү.
• “Мамлекеттик тил-улуттук дөөлөт” аталышындагы жыйынтыктоочу салтанаттуу иш-чаранын алкагында “Кыргыз элинин каада-салттарындагы бата сөздөр” темасында окуу жайыбыздын кыргыз тили жана кыргыз адабияты сабагынын окутуучусу Касымова Таалайкүл Турсунбекова салттуу эмес ачык сабак өткөрсө, ал эми “Эне тил-улуттун уңгусу, көөнөрбөс мурасы” аттуу темада кыргыз тили жана кыргыз адабияты сабагынын окутуучусу Ынакбек кызы Сүйүн ачык сабак өттү.
• “Кылым карыткан кыргызым” темасында окутуучубуз Майрамбек кызы Махабат колледждер аралык интеллектуалдык таймаш уюштуруп алып барды. Бул таймашка Т.Сыдыков атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук көркөм сүрөт академиясынын алдындагы көркөм сүрөт колледжинин “Асыл-Кенч” командасы, К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин алдындагы Техника-экономикалык колледжинин «Тилим-дилим» командасы жана К.Көлбаев атындагы Бишкек автомобиль-жол колледжинин “Кылым нуру” командалары ат салышты.
• Таймашта К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин алдындагы Техника-экономикалык колледжинин «Тилим-дилим» командасы
1-орунду багындырса, 2-орунду К.Көлбаев атындагы Бишкек автомобиль-жол колледжинин “Кылым нуру” командасы ээледи.
3-орун Т.Сыдыков атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук көркөм сүрөт академиясынын алдындагы көркөм сүрөт колледжинин “Асыл-Кенч” командасына ыйгарылды.
Таймаштын катышуучуларына “Кылым карыткан кыргызым” интеллектуалдык таймашына активдүү катышып, мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошуп жаткан салымы үчүн ыраазычылык каттар берилди жана диплом менен сыйланышты.
Мамлекеттик тилдин үч айлыгына карата өткөрүлүп жаткан салтанаттуу иш-чара “Мамлекеттик тил-улуттук дөөлөт” аталышындагы кыргыз тили жана кыргыз адабияты сабагынын окутуучусу Алпарова Айнура Койчубековна тарабынан даярдалган концерттик программа менен жыйынтыкталды.