image
Новости

КР Эмгек баатыры, Манас-1000 медалдарынын ээси,айтылуу Ноокат "Билимканасынын"негиздөөчүсү биздин окуу жайдын кадырлуу коногу катары студенттерибиз менен жолугушуу иш-чарасына келди

Добавлено: 31 октября 2024 г.

30-октябрда Кыргыз Республикасынын Эмгек баатыры, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими,  Даңк, Манас-1000 медалдарынын ээси, айтылуу Ноокат “Билимканасынын” негиздөөчүсү Мамаюсупов Өмүрзак Шеранович биздин окуу жайдын кадырлуу коногу катары  студенттерибиз менен жолугушуу иш-чарасына келди.
Иш-чараны уюштуруунун максаты студенттерди Кыргыз Республикасынын белгилүү, өзгөчө, ийгиликтүү адамдары менен тааныштыруу, келечек муундун патриоттук сезимин, өз мекенине болгон сүйүүсүн арттыруу жана алдыга максат коё билүү менен, ийгиликкке жетүүлөрүнө, лидерликке умтула билүүлөрүнө тарбиялоо болду.
Өмүрзак агай жолугушууда өзүнүн байсалдуу эмгек жолун айтып берүү менен, студенттерди эмгекчилдикке, тырышчаактыкка, адептүүлүккө үндөгөн асыл акыл-насааттары менен бөлүштү. Келечек ээлери агайга кызыккан суроолорун беришти. Агай ар бир суроого жеткиликтүү жооп берип, жолугушуу өтө жандуу мүнөздө болду.
Биз агайга бекем ден соолук, кажыбас кайрат,  түйшүктүү ишине дагы да ийгиликтерди каалап кетмекчибиз.
Бардыгыбыз агайдан үлгү алып, агайдай акыл-парасаты бийик, эл сыймыктанган, эл урматтаган инсандардан бололу!