Күзгү жеңил атлетика боюнча кросско К.Колбаев атындагы Бишкек автомобиль-жол колледжинин 20 студенти ийгиликтүү катышып келди
Добавлено: 28 октября 2024 г.
2024-жылдын 26-октябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы спторттун олимпиадалык оюн түрлөрү жана спорттук-массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча “Жаштык” дирекциясы тарабынан уюштурулган жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары, жогорку окуу жайлардын жана орто окуу жайлардын студенттери арасында республикалык күзгү жеңил атлетика боюнча кросс болуп өттү. Бул кросско К.Көлбаев атындагы Бишкек автомобиль-жол колледжинин 20 студенти ийгиликтүү катышып келди. Жаштар арасында дени сак сергек жашоо образын, спортту жайылтууга өз салымдарын кошуп келишти.
Дени сак сергек жашоо образы жана спорт-бактылуу жана ийгиликтүү жашоонун бекем пайдубалын түзүүчү негизги фактор экендиги талашсыз. Бул жаатта биздин окуу жай дагы дайыма алгылыктуу иштерди уланта бермекчи.