Автоэлектрик кесиби

Автоэлектриккесиби

УДАЛЕННАЯ ПОДАЧА ДОКУМЕНТОВ

На русском

Эң перспективдүү кесиптердин ичинен автоэлектрик адистиги деп аташат. Бул кызматкердин милдеттеринин катарына транспорт каражатын электр менен жабдуу тутумунун диагностикасы кирет. Жолдордогу автоунаалардын саны жыл сайын бир кыйла көбөйүп жаткандыктан, алар, албетте, бузулуп, мындай адистерге суроо талаптар эч качан азайбайт. Андан тышкары дагы бир себеп, заманбап унаалар электржабдыктарына кошумча электроника менен кеңири жабдылган. Бул тармак токтоп калбайт, ал инновациялык технологиялар менен толтурулган. Демек бул кесип ар дайым актуалдуу жана суроо-талапка ээ болот.

 Азыркы учурда, «Унаанын электржабдыктары жана автоматикасы» кафедрасы  190503 «Унаанын электржабдуусун жана автоматикасын пайдалануу (унаа түрлөрүбоюнчасуудантышкаркысы)» кесиби боюнча техник-электромеханиктерди даярдайт.

Автоунаалардын электр техниктери унаалар бар жана тейленүүчү дээрлик бардык уюмдарда иштей алышат.

Электромеханик мастери, участок башкаруучусу, авто электрик жана техник-конструктор кызматтарын ээлей алат.

Кесиптик даярдыктын сапатын жана бүтүрүүчүлөрдүн компетенттүүлүк деңгээлин жогорулатуу үчүн кафедрада төмөнкү лабораториялар түзүлгөн жана иштейт:

  • автомобилдин конструкциясы;
  • транспорттук электр жабдууларын техникалык эксплуатациялоо жана тейлөө;
  • автомобилдердин электр жана электрондук жабдуулары;
  • электротехника;
  • электрондук технология;
  • электр машиналары жана аппараттары.

Лабораториялар заманбап шаймандар менен, автоунаалардын шаймандары, агрегаттардын жана тетиктердин макеттери менен жана компьютердик шаймандар менен жабдылган.

Колледжди аяктагандар төмөнкү окуу жайларында кыскартылган программа боюнча  окуусун уланта алышат: Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде (КГТУ), Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде (КГУСТА), Кыргыз Мамлекеттик Агрардык Академияда (КМАА) жана Кыргыз-Россия словян университетинде (КРСУ).

     Жогорку билимин Россиядан улантууга умтулган бүтүрүүчүлөр Томск политехникалык университетинен, Томск мамлекеттик архитектура жана курулуш университетинен, Волгадагы мамлекеттик технологиялык университетинен, Костромадагы агрардык академиядан жана Казандагы федералдык университетинен бюджеттик негизде окууну уланта алышат.

Окутуу процессинде студенттер бардык сабактар ​​боюнча терең кесиптик билимдерди гана эмес, ошондой эле керектүү өндүрүштүк жөндөмдөрдү да алышат. Практикалык жана лабораториялык сабактар ​​класстарда жана лабораторияларда гана эмес, ошондой эле өндүрүш ишканаларында өткөрүлөт.

 Баардык студенттер автомобилди айдоо үчүн «В» жана «ВС» категориясындагы айдоочулук күбөлүгүн алууга акы түрүндө окуудан өтөт (жалпы баасынан 20% жеңилдик берилет).

Тапшыруу үчүн керектүү  документтер:

Аңгемелешүү үчүн WhatsApp аркылуу төмөнкү документтерди жөнөтөсүз:

1. Паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк (аралыктан фото көчүрмөсү)

2.Билими жөнүндөгү документ (аралыктан фото көчүрмөсү)

1-сентябрда төмөнкү документтер кабылалынат:

1. паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк ( түп нускасы, көчүрмөсү)

2. Билими жөнүндөгү документ (түп нускасы, көчүрмөсү)

3. 086-У формасындагы медсправка,

4. 3х4 өлчөмүндөгү  8 сүрөт,

5. аскердик билет же аскердик күбөлүк (түп нускасы, көчүрмөсү)

Биздин дарек:

Бишкек шаары,

Ч.Айтматова проспектиси 52.

Тел :    0703-63-31-31, 0703-60-84-94 (WhatsApp)

Факс:   0312-59-60-88

Эл. почта: badk.kg@mail.ru



Адистиги: 190503. «Унаанынэлектржабдуусун жана автоматикасын пайдалануу (автомобилдик)»